БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бириккен Араб Эмиратында (БАЭ) жолдошунун телефонун текшерген аял соттун чечими менен өлкөдөн депортацияланды. Бул тууралуу Британиянын Independent басылмасы жазып чыкты
Маалыматка ылайык, Аджман провинциясынын жашоочусу өзүнүн колуктусуна каршы полицияга арызданган. Ал жубайы телефонундагы СМСтерди уруксатсыз текшерип, сүрөттөрдү WhatsApp аркылуу көчүрүп жүргөнүн айткан.
Буга ылайык, адамдардын жеке жашоосун коргогон киберкылмыштуулук боюнча мыйзамды бузду деген кине менен араб жаранынын жубайы өлкөдөн депортацияланып, 40 миң доллар айыпка жыгылган.