Жогорку Кеңештин депутаттары тойго чакырылган коноктордун санын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга алып чыгышты.
Мыйзам долбоор тууралуу кыскача маалымат
Мыйзам долбоордун негиздемесине "Ашыкча ысырапкорчулукка, шаан-шөкөткө, ашкере сылаңкороздукка жол берүү фактыларын жоюу максатында иштелип чыккан" деп бакыйта жазылып турат.
Жогорудагы тартип сакталышы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилер тарабынан туруктуу комиссия түзүлүп, алар абалды тыкыр көзөмөлгө ала турган болот. Эгерде сунушталган эрежелер бузулса, мыйзам бузуучу кызматкердин иштеген жерине жаза колдонуу үчүн тиешелүү маалыматтар жөнөтүлүп турат.
Түшүнбөстүк жагдайлар
Долбоордо коноктордун саны 100дөн ашпоосун атайын түзүлгөн туруктуу комиссия көзөмөлдөйт деп жазылганы менен ал кандайча ишке ашарына жүз ойлонуп акылым такыр жетпеди. Комиссия мүчөлөрү кайсы мамлекеттик кызматкер качан той берерин кайдан билет? Макул, билген күндө дагы алар эмне, той башталгандан бүткүчө бир бурчка отуруп алып, коноктордун санын санап отурабы (бизде коноктор келип-кете берет эмеспи)?
Тарыхка көз чаптырсак, XV кылымда немецтер абдан кир жашаган калк болгон экен. Кирдин суусун, уй, жылкылардын кыктарын дарбазанын артына, ой келди жерге ыргыта беришкен. Натыйжада, шаарлар менен айылдар сасып, таптакыр болбой калган. Ошондо Вюртембергс облусунун графы ар кандай жарлыктарды жаза баштайт. Алгач эшиктин алдына таштанды таштоого тыюу салууну жарыялайт. Бирок аны эч ким угуп да койбойт. Көнгөн адат калмак беле? Ал эми ар бир үйдүн эшигине полицияны коюу кымбатка турган.
Мындан улам граф жаңы жарлык чыгарат. Натыйжада шаарларда заматта тазалык орногон. Анда:
"Эгер кошунаңыз эшигинин алдын тазалабаса сиз дагы жоопко тартыласыз. Бирок кимде-ким таштандыны жыйнабай, ой келди ыргытып жатканын бизге кабарласаңыз, анын жарым жери сизге берилет", — деп жазылган.
Кыскасы граф, орусча айтканда "стукач", кыргызча "саткын" болууга чакырган. Ошондон тарта немецтер тазалыкты дыкат сактап калышкан. Балким, биз деле комиссиясы жок эле ашыкча конок чакыргандарды кабарлагандарга айып пулдун жарымын берүүнү сунуштасак, иш натыйжалуу болмок беле деген ой да…
Бирок анткен менен мыйзам бузуучу жаранга кандай жаза колдонулары мыйзам долбоордо так көрсөтүлгөн эмес. Эгер айып пул салына турган болсо куру намысты бербеген кыргыздар "ыштырапын төлөсөм да баарын чакырам" деп чыкпай турганынан ким кепилдик бере алат?
Эгер айып пул эмес камакка алына турган болсо, той ээсине каршы жабырлануучу болуп ким арыз жазат?
Оңолуунун формуласы
Мыйзам долбоордун негизги максаты чыгымдардан арылып элдин жашоосун оңоо болуп эсептелет. Бирок кандай гана мыйзам жазылбасын, кадиллак минген чоңдорубуз чет жердеги эмес, эл катары кезекке туруп мамлекеттик ооруканаларга көрүнө баштаганда, "Ош", "Дордой" сыяктуу базарлардан соода кылганда, эрке балдары Арабаев, Карасаев, Баласагын атындагы окуу жайларда окуп көргөндө, иш-сапарларга бизнес эмес жөнөкөй эле класс менен учканда, миллиондогон каражаттарга кресло алууну токтоткондо, эл менен кошо маршруткага отурганда ошондо анан оңолобуз!