БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары тойго чакырылган коноктордун санын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга алып чыгышты.
Аталган мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында үйлөнүү тойлорунда, үй-бүлөлүк салтанаттарда, аза күтүү каада-жөрөлгөлөрүндө ашыкча ысырапкорчулукка, шаан-шөкөткө жол бербөө максатында иштелип чыккан.
Демилгечи депутат Аида Салянова акыркы кезде той өткөрүү жөнсүз мелдешке айланып кеткенин белгилейт.
"Шаан-шөкөт менен коштолуп, ири чыгымдарды алып келген той-топурларды өткөрүүгө эми чектөө киргизилет. Сунушталган эсеп боюнча чакырылган меймандардын эсеби 100дөй болушу мүмкүн, бирок 400-500гө чаап кетпесин деп жатабыз", — деди демилгечи.
Мыйзам долбооруна ылайык, бешикке салуу жөрөлгөсү, ажыга баруучуларды узатуу жана туулган күн үй-бүлөлүк чөйрөдө майрамдалса, "Тушоо кесүү", "Сүннөт той" каадасы 100дөн ашпаган адамды чакыруу менен өткөрүлөт. Кыз узатуу аземи 50дөн ашпаган адамды чакыруу менен чектелүүгө тийиш.
Ал эми үйлөнүү тою бир күн ичинде 150гө чейин адам чакырылуучу банкет менен чектелип, күйөөгө, колуктуга жана алардын ата-энелерине белек берүүнү кошпогондо эки тараптын теӊ меймандарына жана күйөө менен колуктунун туугандарына кийит кийгизүүгө тыюу салынат.
Буга кошумча жаңы үйлөнгөн жубайларды коштоочу унаалардын саны бештен ашпашы керек.
Мыйзам долбоорунда каада-жөрөлгөлөрдү өткөрүүдө улак тартыш, күрөш жана башка спорттук мелдештерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
Салтанаттар жана тойлор дем алыш күндөрү кайсы убакта болбосун, ал эми жумуш күндөрү саат 18:00дөн кийин гана өткөрүлөт.
Жогорудагы тартип сакталышы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилер тарабынан туруктуу комиссия түзүлүп, алар абалды тыкыр көзөмөлгө алышат. Эгерде сунушталган эрежелер бузулса, мыйзам бузуучу кызматкердин иштеген жерине жаза колдонуу үчүн тиешелүү маалымат жөнөтүлөт.
Ал ортодо эл өкүлү Тазабек Икрамов конокторду 100 деп чектөө ылайыксыз экенин белгилейт.
"Ысырапкорчулукка жол берилбесин деген туура, бирок улуттун менталитетинде алыш-катыштары көп болсо, бирин чакырып, экинчисин таштап койгон туура болбой калат го? Чакырыла турган коноктордун эсебин 100 деп чектегенибиз ылайыксыз болуп калбайбы?" — деди Икрамов.
Эл өкүлү Жанар Акаев маянасы аздардын акчасы тойлорго гана короп жатканын айтып чыкты.
"Той берген киши өз алына жараша дасторкон жайганы менен ага бара турган меймандардын той артынан тойлорго бара берип, мугалимдерге окшоп аз маяна алгандардын айлыктары айдан-айга жетпей калгандары бар. Андыктан той ээлеринин эле жагдайына көңүл бура бербей, ага бара турган тараптардын дагы чөнтөгүнө канчалык оорчулук келип жаткандыгын карап көрүшүбүз керек. Мыйзам долбоорун колдойм", — деди Акаев.
Ал эми депутат Наталья Никитенко өзгөрүүнү депутаттар өзүлөрүнөн баштоосу керек деген пикирде.
"Ашыкча чыгымдарга жол бербөө жагынан саясий элита өзү үлгү көрсөтүшү керек. Коомчулук дагы ушундай кадамды күтүп турат", — деди Никитенко.
"Бишкек шаарында көпчүлүк ресторандар 300 орундуу болчу, азыр 500-700 орундуулар көбөйүп жатат. Демек акыркы учурда 500 адамга той бергендердин саны өсүүдө деген кеп да. Кыргыз тоюна 100 адам чакыруу күлкү келтирет экен. Жок дегенде 300 адам кылыш керек го", — деди Канатов.
Ал эми ырчы, тамада Байыш Момунов туугандары көптөр кантээр экен деп баш катырууда.
"Депутаттар чектөө койгону менен ишке ашпайт. Бизде бирөөсүн чакырсаң, экинчиси капа болот. Андай чектөөгө элибиз көнбөсө керек. Мен да каршымын. Жакын туугандарымды чакырбай коё албайм да", — деди тамада.
Ырчы Динара Акулова бул сунуш адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү деген пикирде.
"Чыгым өз чөнтөгүнө кетип жаткан соң 100 киши чакырабы, 1000 киши коноктойбу ар кимдин өз эрки. Бирөөлөрдү туугандардан бөлүп коё албайсың да. Баласына той берүүгө ниеттенип, тыйын топтогон кишинин жеке жашоосуна ким кийлигише алат? Бул жеке жашоого депутаттардын кандай тиешеси бар", — деди ырчы.
Өзгөн районуна караштуу Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жетекчиси Кеңешбай Бакеев бир гана мамлекеттик кызматкерлерге чектөө киргизүү калыстыкка жатпай калат деген ойдо.
Эскерте кетсек, буга чейин той-аштарга чектөө киргизүү демилгеси бир канча ирет көтөрүлүп келген. Анткен менен маселени иреттөөчү конкреттүү механизмдер каралбагандыктан, маселе кагаз бетинде гана калган. Болгону Оштун Өзгөн районунун жергиликтүү депутаттары тарабынан өлүм-житимдерде жылкы союуга тыюу салынган. Бирок бул чектөө үч жылча кармалып, андан соң бузулуп кеткен. Жергиликтүү тургундар көнүп келе жаткан жаңы тартипти чоңдор өзүлөрү бузганын белгилейт.