БИШКЕК, 18-май — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев неологизмдерди (башка тилдерден кирген жаңы сөздөр) кыргыз тилине которууга тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Социал-демократ Дастан Бекешовдун айтымында, бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен тоорук жана аукционго катышкандарга бирдей шарт түзүү камсыздалат. Ошондой эле коррупцияны азайтып, аны өткөрүүнүн ачыктыгын шарттайт.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Дастан Бекешов алып чыккан.
Депутаттар мыйзам долбоорунда колдонулган бир катар сөздөр түшүнүксүз экенин жана мамлекеттик тилге туура эмес которулганын айтышты.
Эл өкүлү Рыспаев башка тилден кирген сөздөрдү колдонуунун эч кандай жамандыгы жок экенин белгиледи. Ал жаңы сөздөр социалдык-саясый өзгөрүүлөрдөн, илим менен техниканын өнүгүшүнөн пайда болорун кошумчалады.
"Бир катар депутаттар мыйзам долбооруна карата сындарды айтууда. Бирок "аукцион" деген сөздү "тоорук" деп которуп коюшуптур. Бул айрым жарандардын башын айлантышы мүмкүн. Мыйзам долбоору биринчи кезекте түшүнүктүү болушу керек. Айрым сынчыларга жагыныш үчүн "үналгы", "сыналгы", "учак" деген сөздөр чыккан. Эгер кыргыздардын күнүмдүк турмушунда самолет болбосо, эмнеге самолет деп эле колдонууга болбосун", — деди Рыспаев.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.