Женщины в бизнесе Кыргызстана: равные права или двойные барьеры?
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте тургундарды жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?
13:04
25 мин
Күн башат
Кызыл-Омполду, Кумтөрдү жана башка кендерди иштетүүдө Кыргызстан эмнеге көңүл бурушу керек?
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
0 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
https://sputnik.kg/20160516/1025331747.html
Кулжа, теке, баш оона. Айлардын кыргызча аталышы такталууда
Кулжа, теке, баш оона. Айлардын кыргызча аталышы такталууда
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда календардагы ай аттарын кыргызча атоо боюнча атайын комиссия түзүлдү. 15 кишиден турган топ өз сунушун Жогорку Кеңешке жөнөтөт. 16.05.2016, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстанда айлардын аталышын кыргызчалоо боюнча сунуштар айтылууда. Бул боюнча атайын жыйын өтүп, комиссия түзүлдү.Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдокановдун айтымында, акыркы учурларда календарларды чыгарууда айлардын аталышы түрдүү айтылып, баш аламандыктар көп болууда. Андыктан аларды бир калыпка салып, жыл санактагы (календарь) ай аттарын бирдиктүү системага салуу замандын талабы экенин белгиледи.Молдоканов мындан улам буларды жоюу үчүн 15 адамдан турган атайын комиссия түзүлүп, алар дагы иликтеп, кыргыздын бир калыптагы жыл санагын иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштамай болгонун кошумчалады.Ал ошондой эле жыйынга катышкандар ар кимдин башын айлантпай айларды биринчи, экинчи, үчүнчү деп эле атоону сунуштаганын билдирди.Ата-бабалардын изи мененЭлдик жыл санакчы Төрөн Жумаев айлардын аталышын кыргыздар кылымдар мурун эле билгенин айтат. Анын түзгөн жыл санагы ошол байыртадан бери айтылып, калк арасында колдонулуп келген нерселердин негизинде, жети эмес жетимиш жолу өлчөнгөн.Жумаевдин айтымында, айларды кыргыздар жөн жерден эле атап алган эмес. Январь — Бирдин айы, февраль — Жалган куран, апрель — Чын куран, май — Кулжа, июнь — Теке, июль — Баш оона, август — Баш оона, сентябрь — Тогуздун айы, октябрь — Жетинин айы, ноябрь — Бештин айы жана декабрды — Үчтүн айы деп атоо керек."Жыл Бирдин айынан башталат. Февралдын Жалган куран деп аталышы жөн жерден эмес. Себеби курандын (кийик. Авт.) эркеги менен ургаачысын айырмалоо февраль айында кыйын. Экөөнүн тең мүйүздөрү жок болот. Чын куран айында (март) эркегинин мүйүзү чыгып, айырмаланып калат", — дейт ал.Жумаев маралдар козусун, эликтер чаарчыктарын апрель айында туугандыктан ал Бугу деп байыртадан бери аталып калганын кошумчалады.Июль айы — Баш оона, август — Аяк оона деп аталарын ал мындайча түшүндүрдү."Июль айынан баштап күн кыскаргандыктан ал Баш оона деп аталат. Ал эми августта боз үйдүн чамгарагынан түшкөн күндүн нуру коломтого тик эмес, меймандардын бут жагына түшкөндүктөн аны Аяк оона деп атап келишкен", — дейт ал.Сентябрь айы бышыкчылыктуу, малдын семирген мезгилине туш келгендиктен аны Тогуздун айы деп аташканын, бул айда ата-бабалар кыздын калыңына семиз малды тандап, тогуздап бергенин кошумчалады.Октябрь — Жетинин айы. Жетинин айында бийик тоолуу аймактарда кыш мезгилинин анча-мынча белгилери байкалып калат. Бул айга карата кыргыздар — Жетинин айы жаңырды, жээкке жайба малыңды, Эмитен камың болбосо, кыш сурайт сенин алыңды, — деп айтышкан.Ноябрь — Бештин айы. Бул айга карата да эл арасында — Бештин айы жаңырды, безилдеп шамал чамынды, Белсемдүү камың болбосо, кыш сурайт сениң алыңды, — деген сөз ушундан калганын Жумаев баса белгиледи. Ал ошондой эле кыргыздар жай чилде, кыш чилде деп мезгилдердин өзгөчөлүгүн аныктап келгенин кошумчалады.Аталган конференцияда Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков да ай аттарын "көктөм", "чилде" сыяктуу аталыштар менен атоону сунуштаган.Жай чилде тууралууКырк күнгө созулган жай чилде 8-июлда башталып, 18-августка чейин созулат. 19-августтан тарта Сумбула жылдызы чыгып, бийик төрлөрдөгү суулар тоңо баштайт. Жумаев Сумбула жылдызы чыккандан тарта суу ташкыны токтоду деп ата-бабалар ишенип келгенин баса белгиледи.
Кыргызстанда календардагы ай аттарын кыргызча атоо боюнча атайын комиссия түзүлдү. 15 кишиден турган топ өз сунушун Жогорку Кеңешке жөнөтөт.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстанда айлардын аталышын кыргызчалоо боюнча сунуштар айтылууда. Бул боюнча атайын жыйын өтүп, комиссия түзүлдү.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдокановдун айтымында, акыркы учурларда календарларды чыгарууда айлардын аталышы түрдүү айтылып, баш аламандыктар көп болууда. Андыктан аларды бир калыпка салып, жыл санактагы (календарь) ай аттарын бирдиктүү системага салуу замандын талабы экенин белгиледи.
"Азыр чыккан календарларда айлардын кыргызча жазылышы баш аламан. Мисалы январды "үчтүн айы" дегендер бар. Ошол эле учурда Дастан Сарыгулов, Төрөн Жумаев деген жыл санакчылардын календарларында январь "бирдин айы" деп жүрөт. Мындай эки ача жазуулар баш аламандыкты жаратууда", — дейт ал.
Молдоканов мындан улам буларды жоюу үчүн 15 адамдан турган атайын комиссия түзүлүп, алар дагы иликтеп, кыргыздын бир калыптагы жыл санагын иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштамай болгонун кошумчалады.
Атайын топ бирдиктүү жылсанакты (календарь) иштеп чыга турган болду.
Ал ошондой эле жыйынга катышкандар ар кимдин башын айлантпай айларды биринчи, экинчи, үчүнчү деп эле атоону сунуштаганын билдирди.
Ата-бабалардын изи менен
Элдик жыл санакчы Төрөн Жумаев айлардын аталышын кыргыздар кылымдар мурун эле билгенин айтат. Анын түзгөн жыл санагы ошол байыртадан бери айтылып, калк арасында колдонулуп келген нерселердин негизинде, жети эмес жетимиш жолу өлчөнгөн.
Жумаевдин айтымында, айларды кыргыздар жөн жерден эле атап алган эмес. Январь — Бирдин айы, февраль — Жалган куран, апрель — Чын куран, май — Кулжа, июнь — Теке, июль — Баш оона, август — Баш оона, сентябрь — Тогуздун айы, октябрь — Жетинин айы, ноябрь — Бештин айы жана декабрды — Үчтүн айы деп атоо керек.
"Жыл Бирдин айынан башталат. Февралдын Жалган куран деп аталышы жөн жерден эмес. Себеби курандын (кийик. Авт.) эркеги менен ургаачысын айырмалоо февраль айында кыйын. Экөөнүн тең мүйүздөрү жок болот. Чын куран айында (март) эркегинин мүйүзү чыгып, айырмаланып калат", — дейт ал.
Жумаев маралдар козусун, эликтер чаарчыктарын апрель айында туугандыктан ал Бугу деп байыртадан бери аталып калганын кошумчалады.
Июль айы — Баш оона, август — Аяк оона деп аталарын ал мындайча түшүндүрдү.
"Июль айынан баштап күн кыскаргандыктан ал Баш оона деп аталат. Ал эми августта боз үйдүн чамгарагынан түшкөн күндүн нуру коломтого тик эмес, меймандардын бут жагына түшкөндүктөн аны Аяк оона деп атап келишкен", — дейт ал.
Сентябрь айы бышыкчылыктуу, малдын семирген мезгилине туш келгендиктен аны Тогуздун айы деп аташканын, бул айда ата-бабалар кыздын калыңына семиз малды тандап, тогуздап бергенин кошумчалады.
Октябрь — Жетинин айы. Жетинин айында бийик тоолуу аймактарда кыш мезгилинин анча-мынча белгилери байкалып калат. Бул айга карата кыргыздар — Жетинин айы жаңырды, жээкке жайба малыңды, Эмитен камың болбосо, кыш сурайт сенин алыңды, — деп айтышкан.
Ноябрь — Бештин айы. Бул айга карата да эл арасында — Бештин айы жаңырды, безилдеп шамал чамынды, Белсемдүү камың болбосо, кыш сурайт сениң алыңды, — деген сөз ушундан калганын Жумаев баса белгиледи. Ал ошондой эле кыргыздар жай чилде, кыш чилде деп мезгилдердин өзгөчөлүгүн аныктап келгенин кошумчалады.
Аталган конференцияда Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков да ай аттарын "көктөм", "чилде" сыяктуу аталыштар менен атоону сунуштаган.
Жай чилде тууралуу
Кырк күнгө созулган жай чилде 8-июлда башталып, 18-августка чейин созулат. 19-августтан тарта Сумбула жылдызы чыгып, бийик төрлөрдөгү суулар тоңо баштайт. Жумаев Сумбула жылдызы чыккандан тарта суу ташкыны токтоду деп ата-бабалар ишенип келгенин баса белгиледи.