БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Экономика министрлигинин Инвестицияны өнүктүрүү боюнча агенттигинин жамаатына жаңы директор Алымбек Орозбеков тааныштырылды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү буйрукка кечээ күнү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Орозбеков буга чейин Экономика министрлигинин инвестиция жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын жетекчиси болуп келген. Аны жамаатка министр Арзыбек Кожошев тааныштырды.
Агенттиктин буга чейинки жетекчиси Алмаз Сазбаков министрдин орун басары болуп иштеп жатат.