Бишкекте "Өлбөс полк" жөө жүрүшү өттү. Иш-чарага 20 миңден ашуун адам катышып, анын узундугу 500 метрге созулду.
Түркияда мина коюлган унаа жарылса, Стокгольмдо "Евровидение-2016" сынагы жыйынтыкталды.
Москва шаарында аскердик парад уюштурулду. Салтанаттуу иш-чарага 10 миңден ашуун киши катышып, 100дөн ашуун аскердик техника жана 71 аба кемеси тартылган. Ал ортодо Мадридде ири унаа таштандысы күйүп кетти.
Ал эми Кыргызстанда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев баатыр энелерди майрамы менен куттуктап, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Баатыр эне" орденин ыйгарды.
Чолпон-Ата шаарында болсо 1800 жөө күлүк катышкан марафон өттү.

Россия президенти Владимир Путин хоккей оюнунан кийин журналисттин суроосуна жооп берип жаткан учуру

Түндүк Кореяны башкарып турган партиянын 7-конгрессин жыйынтыктоочу парадда ыйлап жаткан аял

Актриса Кристен Стюарт "Светтик коом" тасмасынын премьерасына сүрөткө түшүп жаткан учуру

Ал эми бул жерде Амстердамдагы жыл сайын өтүүчү костюм-шымчан жөө күлүктөр жарышы өтүүдө

Чолпон-Ата шаарында 1800 жөө күлүк катышкан марафон

Улуу жеңиштин урматына уюштурулган парадда бир сапка тизилген жоокер айымдар

Ошол эле параддагы учак бомбалагыч Су-27 өз өнөрүн көрсөтүүдө

Ал ортодо Меркурий платенасында өзгөчө көрүнүш орун алды

Индиянын Мумбай шаарындагы жумушчулар

Маарет-аль шаарындагы Сириянын жаш балдары коргонуу учурунда

Гондурастын борбору Тегусигальпе шаарында бийликке нааразы болгондор менен күч органдарынын кармашы орун алды

Мадридде ири унаа таштанды жайында өрт чыгып, анда миллиондогон дөңгөлөк күйүп кетти

Түркиядагы жардыруудан үч адам каза болуп, 42 адам оор жараат алды

Бишкек шаарында "Өлбөс полк" акциясы өтүп, ага 20 миң адам катышты.

Азербайжандын намысын коргогон Семра Рагимли "Евровидение-2016" сынагына катышып жаткан учуру

Стамбулда ислам мода жумалыгы өтүп, анда айымдар үчүн көйнөктөр көрсөтүлдү

Лондон шаарында суучулдар арасында Европа чемпионаты өтүүдө

Алмазбек Атамбаев баатыр энелерди майрамы менен куттуктап, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Баатыр эне" орденин ыйгарды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Лондондогу самитте уйкусурап отурган чагы