БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Өкмөттүн атайын токтому менен пайда салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн 10 адистештирилген уюм бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Мындай чечим КР өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун негизинде кабыл алынган.
Салыктардан бошотулган уюмдар:
- Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы;
- "Ошсууканал" Ош муниципалдык ишканасы;
- Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы;
- Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому;
- "Түндүкэлектр" ачык акционердик коому;
- "Чыгышэлектр" ачык акционердик коому;
- "Ошэлектр" ачык акционердик коому;
- "Жалал-Абадэлектр" ачык акционердик коому;
- Жалал-Абад мэриясына караштуу "Жалал-Абадсууканал" башкармалыгы;
- "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы.