БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Эскерүү иш-чарасына кызмат өтөө учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин жакындары, туугандары келишти.
Бишкек ШИИБдин жетекчиси Кашкар Жунушалиев мекен үчүн өз өмүрүн бергендердин эрдигин баса белгиледи.
"Алардын ар биринин өз тагдыры, өз эрдиги бар. Алар тартип үчүн кан-жанын аябай кызмат кылышты. Оор кырдаал маалда эрдигин, чечкиндүүлүгүн көрсөтүштү. Алардын эрдиги дайыма эсибизде калат", — деди Жунушалиев.
Чогулгандар маркумдарды эстеп, Мемориалга гүл коюшту.
Белгилей кетсек, ички иштер министри Министр Мелис Турганбаев 15-май кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерин эскерүү күнү деп жарыялаган.