БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бүгүн, 15-майда Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы алты айылда жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоо 17 округда 23 шайлоо участкасында өтүүдө.
Шайлоо Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылдык кеңешине (11 мандаты), Ош облусунун Араван районундагы Нурабад (21 мандат) жана Тепе-Коргон (31 мандат) айылдарында, Өзгөн районундагы Алтын-Булак (11 мандат) жана Мырзаке (21 мандат) айылдарында болууда. Мындан сырткары Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айылында (11 мандат) да жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп жатат.
Жалпысынан алганда Нарын облусу боюнча жергиликтүү кеңешке — 24 талапкер, Ош облусу боюнча — 184 жана Ысык-Көл боюнча 29 талапкер көрсөтүлгөн.