БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Ырчы Аяна Касымова кайрымдуулук концертинен түшкөн акчасын рак оорусуна кабылган 1,5 жаштагы Айдарга берип жиберди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ырчынын атасы жана продюсери Айзар Касымов билдирди.
Айзар Касымовдун айтымында, Аяна социалдык тармактарда бала тууралуу уккандан кийин Бишкекте жергиликтүү эстрада жылдыздарынын катышуусу менен концерт өткөргөн. Андан түшкөн 73 миң 837 рубль атайын эсепке которулган.
"Концертке баланын чоң атасы келди. Биз акчаны ага берели деп ойлогонбуз, бирок ал атайын эсепке которууну сунуштады. Эртеси эле каражатты которуп койдук", — деди продюсер.
Москвада Айдардын үй-бүлөсүнө жардам берип келген кыргызстандык Жылдыз Осмонова Facebook тармагындагы баракчасына Касымова акча которгонун жазып чыкты.
Баланын агасы Тилек Умаралиевдин айтымында, учурда баланын абалы канааттандырарлык, бирок дарыгерлер реабилитация Айдар үчүн өтө оор болуп жатканын белгилешүүдө.