Орус ырчысы Нюша кыргызстандык оорулуу балага 300 миң рубль берди

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОрусиялык ырчы Нюша. Архив
Орусиялык ырчы Нюша. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кичинекей Айдар Умаралиев катуу ооруйт. Ага чучукту алмаштыруу боюнча операция жасалышы керек.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Россиялык ырчы Нюша кыргызстандык Айдар Умаралиевге 300 миң рубль кайрымдуулук кылганын баланын анын үй-бүлөсү билдирди.

Мындай маалыматты Москвада жашап жаткан Жылдыз Осмонова дагы социалдык тармакта маалымдады. 

"Ырчы ошондой эле анын күйөрмандарын балага жардам берүүгө чакырды. Акча эсепке которулду", — деп Осмонова жазды.

Друзья, у маленького человека беда - лейкоз... Необходима операция по пересадке костного мозга, родители и фонды сделали все возможное, но на данные момент на операцию в РДКБ не хватает трех миллионов рублей. Операция должна состояться до 20 апреля, времени осталось совсем мало, я искренне надеюсь что вместе мы сможем спасти его! #помогитеайдарбеку Для перевода средств в Сбербанк : Номер карты : 4276 3800 5259 6785 Номер телефона : 89258635109 Для рублёвых переводов : Получатель : Умаралиева Сардал Тенизбековна Счёт получателя : 40820810738049860106 Банк получатель : Московский Банк Сбербанка России г. Москва Инн получателя : 7707083893 Бик Банка получателя : 044525225 Корреспондентский счёт : 30101810400000000225 Код подразделения банка по месту ведения счета карты ( для внутренних переводов по системе Сбербанк ): 38903801800 Адрес подразделения банка по месту ведения счета карты : Г. Москва ул. Новослободская , 16

A photo posted by Nyusha (@nyusha_nyusha) on Apr 8, 2016 at 1:11pm PDT

Буга чейин ырчы өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу Айдарга жардам берүүгө чакырган.

Соцтармактын күчү менен алты жашар Маликанын кыялы орундалды
Ырчынын пиар-редактору Денис Воробьев жасалган кайрымдуулук тууралуу маалыматы жок экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Айдар Умаралиев 1,5 жашта. Ал чучуктун рак оорусуна кабылган. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн чучукту алмаштыруу боюнча 7 миллион рублдик операция жасалышы керек.

Айдардын байкеси Тилек Умаралиев акча дүйнө жүзү боюнча чогултулганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

"Бул өтө чоң сумма. Аны кыска убакыт ичинде чогулта алдык. Айрымдары 100 рубль берсе, бир таанышым миллион рубль тапты. Кол сунуп жардам кылган бардык адамдарга ырахмат айтабыз", — дейт Айдардын байкеси.

Учурда Айдар апасы менен Рогачев атындагы Москвадагы клиникада дарыланууда. Жакын арада ага операция жасалат. Андан кийин реаблитациялык аракеттер жүрөт. Ага да көп каражат керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0