БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкекте Жогорку Кеңеш алдында митинг өтүп жатат. Нааразы болгондор аларга бөлүнгөн жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышууда.
Митингге "Трансформация — элдик кыймыл", "Биз баскынчы эмеспиз, мыйзамдуу жер ээсибиз" деген транпоранттарды кармаган 50гө чукул киши чыккан.
Нааразылык акциясынын катышуучулары аларга жердин трансформацияланышынан кийин бөлүнгөн жер тилкелеринин "кызыл китебин" берүүнү талап кылышканын айтышты. Мындан тышкары, алар бийликтен "жердин мыйзамдуу ээлерине жашоого тоскоол болбоону" суранышууда.
Митингчилер апрель айында каралып, бирок кабыл алынбаган жерди трансформацилоо боюнча мыйзам долбоорун колдоп чыгышканын кошумчалашты.
"Бизге бул мыйзам керек. Анткени мунун аркасы менен жети жыл ичинде курулган менин үйүм жана мага окшогон миңдеген адамдардын үйү мыйзамдашат", — деди акция катышуучусу.
Эскерте кетсек, апрелде ЖК депутаттары 2009-жылдын 31-августуна чейин курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу каралган жерди трансформациялоо боюнча мыйзам долбоорун карашкан.
Февралда парламент спикери "Трансформация" кыймылынын өкүлдөрүн кабыл алып, ишти өз көзөмөлүнө аларын убадалаган.