БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде "Музейдеги түн" акциясы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул иш-чара 14-майда саат 20.00дөн түнкү саат 02.00гө чейин уланып, аны манасчылар, эстрада ырчылары коштоп, улуттук оюндар жана башка сынактар уюштурулат.
Маданий иш-чара музейлердин эл аралык күнүнө карата уюштурулууда.
"Музейдеги түн" акциясы жыл сайын 40тан ашык мамлекетте уюштурулуп, каалоочулар үчүн өз эшигин ачат.