Бишкекте кайрадан бак кулап, унааны басып калды

© Sputnik / Эркин АлымбековБишкекте Киев жана Панфилов көчөлөрүндө дарак унааны басып калды.
Бишкекте Киев жана Панфилов көчөлөрүндө дарак унааны басып калды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан айдоочу жабыркаган жок. Анткен менен унаанын арткы терезеси талкаланып, бампери иштен чыкты.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Бишкекте дарак унааны басып калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган унаанын айдоочусу Фархад Алиев билдирди. 

Анын айтымында, кырсык Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде саат 10:00дөр чамасында болду. 

© Sputnik / Эркин АлымбековБишкекте Киев жана Панфилов көчөлөрүндө дарак унааны басып калды
1/3
Бишкекте Киев жана Панфилов көчөлөрүндө дарак унааны басып калды
© Sputnik / Эркин АлымбековКырсыктан айдоочу жабыркаган жок. Унаанын арткы терезеси талкаланып, бампери иштен чыккан.
2/3
Кырсыктан айдоочу жабыркаган жок. Унаанын арткы терезеси талкаланып, бампери иштен чыккан.
© Sputnik / Эркин АлымбековБуга чейин 27-март күнү Турусбеков көчөсүндө дарак өтүп бара жаткан унаага кулап, андан 37 жаштагы айдоочу каза болгон.
3/3
Буга чейин 27-март күнү Турусбеков көчөсүндө дарак өтүп бара жаткан унаага кулап, андан 37 жаштагы айдоочу каза болгон.
1/3
Бишкекте Киев жана Панфилов көчөлөрүндө дарак унааны басып калды
2/3
Кырсыктан айдоочу жабыркаган жок. Унаанын арткы терезеси талкаланып, бампери иштен чыккан.
3/3
Буга чейин 27-март күнү Турусбеков көчөсүндө дарак өтүп бара жаткан унаага кулап, андан 37 жаштагы айдоочу каза болгон.

Айдоочу кулаган дарак тууралуу: кетейин деп жатканда машинамды бак басып калды
"Мен таксист болуп эмгектенем. Кардарды жеткирип, ордуман жылууга камынып жатканда шарактаган үн угулуп, аңгыча эле бак унаамды басып калды", — дейт Алиев. 

Кырсыктан айдоочу жабыркаган жок. Унаанын арткы терезеси талкаланып, бампери иштен чыккан. 

Буга чейин 27-март күнү Турусбеков көчөсүндө дарак өтүп бара жаткан унаага кулап, андан 37 жаштагы айдоочу каза болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0