БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Башында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков турган өкмөт мүчөлөрү ант беришкенин Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара бүгүн парламенттин отурумунда болду. Ага президент Алмазбек Атамбаев катышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков өкмөт мүчөлөрүнө ийгилик каалады.
Эскерте кетсек, өкмөттүн жаңы курамы 13-март күнү бекиген.