БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Sputnik.Пикирлер сурамжылоосунун натыйжасында француздардын басымдуу бөлүгү (64 пайызы) Африка менен Жакынкы Чыгыштан келген мигранттарды кылмыштуулуктун башкы себепчиси деп эсептей турганы белгилүү болду.
Мындай маалымат Sputnik эл аралык маалымат агенттиги менен радиосунун буйрутмасы менен Ifop изилдөө компаниясы тарабынан жасалган сурамжылоонун негизинде аныкталды. Франциялыктар мигранттардын кылмыштарынан жакшы кабардар экенин көрсөтүштү. Мында элдин 8 пайызы гана жооп бере албай кыйналлы. Ал эми мигранттар кылмыштуулуктун өсүүсүнө эч таасир тийгизбейт дегендердин саны 28 пайызды түздү.
Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus жана Ifop изилдөө компаниялары болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.