БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Чек ара пунктун айланып өтүп, Казакстанга кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 24-апрель күнү "Чоң-Капка-автодорожный" өткөрүү пунктунан Казакстанга өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды. Текшерүү учурунда ага Кыргызстандан чыгууга тыюу салынганы аныкталды. Ал эми экинчи жаран мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жаткан адамга көзөмөл пунктун айланып өтүүгө жардам берген.
Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалгандар УКМКга өткөрүлүп берилди.