БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Евразиядагы эң ири Ключев жанар тоосу жекшемби күнү атылып, күлүн алты миң метр бийиктикке чейин бүрктү. Бул туурасында РИА Новости Россиянын Илимдер Академиясынын (РИА) Геофизикалык кызматынын маалыматына таянып кабарлады.
"Анын канча аралыкка атылганын сейсмодатчиктер каттады, ал эми спутниктен тартылган сүрөттөн күлүн деңиз деңгээлинен алты чакырымга бийиктикке чейин бүрккөнүн көрүүгө болот. Атылгандан кийин чачкан күлү Охот деңизинин түштүк-батышын карай булуттар менен аралашып, 200 чакырымга чейин жетип, көлөмү 1250 чарчы метрди түздү",— деп билдирди ИАнын Геофизикалык кызматынын өкүлү.
Ключев жанар тоосу апрелден тарта ойгоно баштаган. Учурда ал улам активдешип келе жатат. Спутниктен тартылган материалдар жанар тоо жайгашкан аймакта жер улам силкинип, лава агып чыгып жаткандыгын көрсөткөн.
Ключев вулканы — Евразиядагы эң ири жанар тоолордун бир деп эсептелип, бийиктиги деңиз деңгээлинен 4850 метр бийиктике турат. Анын жанында 45 чакырым алыстыкта Ключи, Козыревск деп аталган калктуу пункттар жайгашкан. Петропавловск — Камчатск аймагына чейинки 360 чакырымды түзөт.