БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Учурда Жогорку Кеңештин төрагалыгына эки фракциянын лидери ат салышып, багын сынап жаткан мезгили.
Буга чейинки төрага Асылбек Жээнбеков бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке көрсөтүлгөндөн кийин кызматынан баш тарткан.
Ушу тапта спикерликке "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын лидерлери Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев талапкерлигин коюуда. Өткөн аптада депутаттар төраганы шайлай албай коюшкан. Жада калса дүйшөмбү күнү көпчүлүк коалицияга кирген фракция лидерлери да ийри отуруп, түз кеңешип бир пикирге келе алышкан жок.
Учурда экс-спикер Асылбек Жээнбеков жөнөкөй эле депутат болобу же комитетти, болбосо өзүнүн фракциясын жетектеп калары белгисиз. Кандай болгон күндө да азыркы даражасы мурунку кызматынан алда канча төмөн экени айгине.
Буга чейин Sputnik Кыргызстан отставкага кеткен өкмөт башчылардын кийинки жашоосу тууралуу маалымат берген. Бу жолкусунда жогорку кызматтан кеткен экс-төрагалардын тагдырына саресеп салып көрдү.
Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы мыйзам чыгаруу органы болуп Кыргыз ССРинин Жогорку Совети болгон. Эл оозунда ушу кезге чейин "легендарлуу парламент" деп аталып келет. Андан кийин алты чакырылыштын депутаттары шайланды. Белгилей кетүүчү нерсе, 1995-2005-жылдардын аралыгында Жогорку кеңеш эки палаталуу болгон.
Тарыхка сүңгүп кетпөө үчүн редакция жоогазын ыңкылабынан кийинки спикерлерди тизмектеп чыкты.
Өмүрбек Текебаев (2005-жылдын марты — 2006-жылдын марты)
Марат Султанов (2006-жылдын марты — 2007-жылдын октябры)
2010-жылга чейин Социалдык фонддун төрагасы жана финансы министри болуп келген. 2010-жылы "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келип, бирок фракциянын да, партиянын да мүчөсү эмес экенин бир нече ирет билдирген. 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын курамында Жогорку кеңешке депутат болуп шайланган.
Адахан Мадумаров (2007-жылдын декабры — 2008-жылдын майы)
Спикерликтен конфискациялаган жаңгак жыгачын Жогорку Кеңештин имаратын (азыркы Өкмөт үйү) оңдоого пайдалануу сунушунан улам кеткен. 2010-жылы аз жерден "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен депутат болуп кала жаздап, 2011-жылы президенттик шайлоодо экинчи орунду ээлеген. Парламенттик шайлоого катышуу үчүн 2015-жылы "Эмгек" партиясы менен бириге калып, анда депутат болуусуна аз-аз жетпей калган.
Айтибай Тагаев (2008-жылдын майы — 2009-жылдын декабры)
Төрагалыктан "башка кызматка өткөнү үчүн" кеткен. 2010-жылдын 7-апрелине чейин Баткен облусун жетектеди. Андан кийин саясаттан көрүнгөн эмес.
Зайнидин Курманов (2009-жылдын декабры — 2010-жылдын апрели)
Белгилүү саясат таануучу. Апрель окуясынан кийин мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Учурда коомдук иштер менен алек.
Исхак Масалиев (2010-жылдын 7-8 апрели)
Депутаттардын айрым бөлүгү шайлап алганы менен Масалиевдин төрагалыгын баары эле тааный бербейт. "Кыргызстандын коммунисттер партиясынын" лидери. 2012-жылы Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигине дайындалган. 2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланып келди.
Ахматбек Келдибеков (2010-жылдын декабры — 2011-жылдын декабры)
Асылбек Жээнбеков (2011-жылдын декабры — 2016-жылдын апрели)
Бешинчи да, алтынчы да чакырылышты жетектеген жападан жалгыз төрага болду. Учурда алтынчы чакырылыштын катардагы депутаты.