Төрөбаев Бакыт Эргешович — өмүр баян
16:49 28.12.2015 (Жаңыртылды: 13:30 26.01.2022)
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев
![Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/0c/1e/1060854944_108:280:2885:1842_600x0_80_0_0_176ac82c0a3b6cf37c42f8ca20c1474a.jpg)
Жазылуу
Бакыт Төрөбаев 1973-жылдын 5-апрелинде Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Экономика факультетин "финансы жана кредит" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу.
1995 — АЗС курууга жана күйүүчү-майлоочу майларды сатып өткөрүүгө адистешкен өндүрүштүк-коммерциялык "Жамиля жана К" фирмасында директор болуп иштөөдөн баштаган.
1998–1999-жылдары — айыл чарба продукциясын өндүрүүчү "Азия-Сузак" дыйкан чарбасынын төрагасы.
2000–2007-жылдары — "Мариям" ЖЧКсынын ун комбинатынын башкы директору.
2007–2009-жылдары — IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.
2009 – 2010-жылдары — Өзгөчө кырдаалдар министри.
2010-жылы — "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. "Республика" парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болгон.
2013-жылдын мартынан баштап, "Республиканын" катарынан чыгып, өзүнчө "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык тобун түптөгөн.
2015-2021 — "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
Сыйлыктары: "Ардак" медалы менен сыйланган.