Исаев Канатбек Кедейканович — өмүр баян

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Канатбек Исаев. Архив
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Канатбек Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канатбек Исаев 1975-жылдын 7-февралында Чүй облусунун Кошой айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетти аяктаган.

Эмгек жолун фискалдык органдарда иштөөдөн баштаган.

 

  • 1997 – 2000 — Мамлекеттик салык кызматында иштеген;
  • 1997 — Мамлекеттик салык инспекциясынын Свердлов райондук башкармалыгында стажер, инспектор, ага инспектор, башкы инспектор;
  • 2003 — 2007 — Чүй райондук кеңештин депутаты; 
  • 2002 — 2005 — "Тынай-Ата" уюмунун төрагасы; 
  • 2005 — Экономика жана каржы министрлигинде алдыңкы адис; 
  • 2006 – 2008 — Газ чарбачылыгы башкармалыгынын жетекчи орун басары, облустук башкарманын жетекчиси, башкы дирекциянын мүчөсү;
  • 2008 – 2010 — Токмок шаарынын мэри; 
  • В 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын декабрь айынан баштап 2012-жылдын июнь айына чейин "Республика" фракциясын жетектеген;
  • 2013-жылдын 16-майынан баштап парламентте "ынтымак" депутаттык тобунун төрагасы болгон; 
  • 2013 – 2015 — Кыргыз өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; 
  • 2015-жылдын октябрь айынан баштап "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты. "Кыргызстан" фракциясынын лидери.

 

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Көк бөрү федерациясынын төрагасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0