Күлү додо болбогон өкмөт башчылар. Экс-премьерлердин тагдыры

Жазылуу
Кыргызстанда өкмөт башчылардын күлү додо болбойт. Экс-премьер-министрлердин кийинки тагдыры да ар кандай — бирөөсү укук коргоо органдарынан качып жүрсө, кээсинин тескерисинче ташы өйдө кулап кеткен.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кечээ өкмөт башчылыкка жаңы дайындалган Сооронбай Жээнбеков 28-премьер-министр катары милдетин аткарууга киришти. Ага чейинки Темир Сариев Балыкчы — Корумду жолунун тендери боюнча чыккан жаңжалдын айынан ушул жуманын башында отставкага кеткен.

Эгемендүү Кыргызстан оголе көп премьер-министрди көрдү. Демек алардын кызматтан кийинки тагдыры да ар кыл экени шексиз. 

Буга чейин Sputnik Кыргызстан премьерлерди ээрден шыпырып түшкөн чыр-чатактарды тизмектеген. Бүгүн мурунку өкмөт башчылар кызматтан кеткенден кийин эмне менен алектенерине кызыгып көрдү. Өтө тереңдеп кетпөө үчүн редакция жоогазын ыңкылабынан кийинки премьерлердин таржымалын тактап чыкты. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевФеликс Кулов (2005-жылдын 15-августу — 2007-жылдын 29-январы)
Феликс Шаршенбаевич Кулов —  государственный и политический деятель, председатель партии «Ар-Намыс». - Sputnik Кыргызстан
Феликс Кулов (2005-жылдын 15-августу — 2007-жылдын 29-январы)

Феликс Кулов (2005-жылдын 15-августу — 2007-жылдын 29-январы)

Первый заместитель руководителя Аппарата Президента КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Түшкө кирбеген премьерлик: кезектеги өкмөт башчы Жээнбеков тууралуу 10 факты
Отставкасынан кийин Кулов Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча дирекцияны башкарды. 2010-жылы өзүнүн "Ар-Намыс" партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Алгач оппозицияда жүрүп, 2011-жылдын аяк ченинен баштап башкаруучу коалиция кирип, атургай аны жетектеп калган. 2015-жылы өткөн кезектеги парламенттик шайлоодо жети пайыздын босогодон өтө албай, депутаттык мандаттан куру жалак калды. Учурда Кулов коомдук ишмердүүлүк менен алек. Жакында эле Баткен облусунун мурунку губернатору менен аймакты өнүктүрүүгө багытталган "Теке секирик" деп аталган долбоор иштеп чыкты. Мындан тышкары, немистик үлгү менен премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүү сунушу менен белгилүү болгон. 

Азим Исабеков (2007-жылдын 29-январы — 2007-жылдын 29-марты)

Эки айлык премьерликтен кийин "Бишкек" эркин экономикалык аймакты башкарган. Учурда агрардык бизнес менен алек.

Алмазбек Атамбаев (2007-жылдын 29-марты — 2007-жылдын 28-ноябры)

Отставкадан кийин оппозицияны жетектеп, 2009-жылы президенттик шайлоодон утулуп калган. 2010-жылы Убактылуу өкмөт төрагасынын биринчи орун басарлыгын аркалап, 2010-жылдын башында президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. 

© пресс-служба политпартии "Бир бол"Игорь Чудинов (2007-жылдын 24-декабры — 2009-жылдын 21-декабры)
Чудинов Игорь Витальевич - Sputnik Кыргызстан
Игорь Чудинов (2007-жылдын 24-декабры — 2009-жылдын 21-декабры)

Игорь Чудинов (2007-жылдын 24-декабры — 2009-жылдын 21-декабры)

2009-жылдын аягында КРдин Өнүктүрүү фондусун жетектеп келген. 2011-жылдын августунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен камакка алынып, андан соң үй камагына чыгарылган. 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүДанияр Үсөнов (2009-жылдын 21-декабрында — 2010-жылдын 7-апрелинде)
Новый премьер-министр Кыргызстана Данияр Усенов - Sputnik Кыргызстан
Данияр Үсөнов (2009-жылдын 21-декабрында — 2010-жылдын 7-апрелинде)

Данияр Үсөнов (2009-жылдын 21-декабрында — 2010-жылдын 7-апрелинде)

Апрель окуясынын маалында отставкага берип, андан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Үсөновго карата Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 2013-жылы сыртынан 15 жылга эркинен ажыратылып, Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренесинин 2-бөлүгү ("Жер мыйзамын бузуу") боюнча күнөөлүү деп табылган. 2014-жылы 2010-жылдын 7-апрелинде "Ала-Тоо" аянтында 77 кишинин атып өлтүрүлүшүнө айыптуу катары сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Маалымат каражаттарынын айтымында, учурда чет өлкөдө ишкерлик менен алектенип келет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековРоза Отунбаева (2010-жылдын 7-апрели — 2010-жылдын 17-декабры)
Роза Исаковна Отунбаева - Sputnik Кыргызстан
Роза Отунбаева (2010-жылдын 7-апрели — 2010-жылдын 17-декабры)

Роза Отунбаева (2010-жылдын 7-апрели — 2010-жылдын 17-декабры)

Убактылуу, андан кийин техникалык өкмөттү жетектеген. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы шайланып, көпчүлүк коалиция түзүлгөндөн кийин өкмөт башчылыктан кеткен, бирок 2011-жылдын аягына чейин өткөөл мезгилдин президенти болду. Учурда "Роза Отунбаеванын демилгелери" аттуу эл аралык коомдук фондду жетектеп келет.

Алмазбек Атамбаев (2010-жылдын 17-декабры — 2011-жылдын 1-декабры)

Учурда Кыргызстандын президенти 

© Sputnik / Табылды КадырбековӨмүрбек Бабанов (2011-жылдын 1-декабры — 2012-жылдын 1-сентябры)
Депутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов  - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов (2011-жылдын 1-декабры — 2012-жылдын 1-сентябры)

Өмүрбек Бабанов (2011-жылдын 1-декабры — 2012-жылдын 1-сентябры)

Коалиция бузулгандан кийин коомчулукка көп чыкпай, 2015-жылдын аягында гана эл Камчыбек Ташиев менен биригип, парламентке келди. "Республика — Ата-Журт" оппозициялык фракциясынын лидери. 

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЖантөрө Сатыбалдиев (2012-жылдын 5-сентябры — 2014-жылдын 25-марты)
Парламент Кыргызстана денонсировал соглашение о ЦТП Манас - Sputnik Кыргызстан
Жантөрө Сатыбалдиев (2012-жылдын 5-сентябры — 2014-жылдын 25-марты)

Жантөрө Сатыбалдиев (2012-жылдын 5-сентябры — 2014-жылдын 25-марты)

Отставкадан кийин саясатта калып, парламенттик шайлоого катышуусу мүмкүн экенин билдирген. 2015-жылы Евразия сактоо банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖоомарт Оторбаев (2014-жылдын 25-марты — 2015-жылдын 1-майы)
Премьер-министр Дж.Оторбаев дал ряд поручений по проведению весенне-полевых работ - Sputnik Кыргызстан
Жоомарт Оторбаев (2014-жылдын 25-марты — 2015-жылдын 1-майы)

Жоомарт Оторбаев (2014-жылдын 25-марты — 2015-жылдын 1-майы)

2015-жылы "Ата Мекен" партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышып, бирок жаш саясатчылардын пайдасы үчүн депутаттык мандаттан баш тарткан. 

Темир Сариев (2015-жылдын 2-майы — 2016-жылдын 11-апрели)

Балыкчы — Корумду унаа жолунун тендери боюнча чыккан жаңжалдын айынан отставкага кетти. Учурда Кыргызстанда эс алып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0