БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Борбор калаанын көчөлөрүнө жакын арада жаңы жол чийин түшүрүлөт. Бул тууралуу мэр Албек Ибраимовдун "Бишкекасфальтсервис" (БАС) муниципалдык ишканасынын жамааты менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.
Бишкек мэри муниципалдык ишканаларды текшерүүсүн улантып, бүгүн аталган мекеменин жамааты менен жолукту.
БАС жетекчиси Мирлан Амантуров ишкана чагылышып турган жаңы жол чийиндерди түшүрө турган 4,5 миллион сомдук унаа сатып алганын белгиледи. Анын айтымында, сапаттуу чийиндерди түшүрүү иштери жакын арада башталат.
Мындан тышкары, жолугушууда аталган ишкана күнүнө 100 миң тонна асфальт өндүрөрү белгилүү болду.
Эскерте кетсек, 10-марттан тарта шаар көчөлөрүнүн аң-чөнөктөрүн оңдоо иштери башталган.