БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарындагы мектеп окуучуларына дин кызматкерлери терроризмдин алдын алуу, ата-энени урматтоо, ислам дини тууралуу түшүндүрүү лекциялары окулууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Бишкек, Ош, Майлы-Суу шаарлары менен Аламүдүн районунда болуп өттү.
Мекеме түшүндүрүү иштерин аймактардагы муфтияттын өкүлдөрү жүргүзүп жатканын айтып, келечек муундун туура багытта тарбияланышына өбөлгө болорун белгиледи.