БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстанда "Чексиз футбол" аталышындагы көчө футболу боюнча республикалык турнир өтөт. Бул тууралуу КРдин көчө футболу федерациясы билдирди.
Мелдешке балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн 12-14 жаштагы балдары катышат.
14-15-апрель күндөрү Бишкекте турнирдин финалдык беттеши өтөт. Анда Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусунун командалары катышса, 29-30-апрелде Ошто дагы бир финалдык беттеш болуп, анда Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынын өспүрүмдөрү күч сынашат.
"Бул мелдеш өспүрүмдөр арасындагы достукту бекемдеп, ден-соолукту чыңдоого багытталат", — деп айтылат маалыматта.
Мелдештин жыйынтыгында "мыкты дарбазачы", "мыкты чабуулчу" жана "мыкты оюнчу" номинациялары боюнча дипломдор берилип, баалуу белектер тапшырылат.