БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Салык төлөөдөн баш тартканы үчүн кылмыш иши козголуп, айып салынган ишканадан 7 миллион 584 миң 553 сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Финансы полициясы билдирет.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагындагы "Косе Оглы Ве Тижарет" ишканасына салык төлөбөгөнү үчүн Кылмыш жазык кодексинин 213-беренесине ("Салыктан качуу") ылайык айып салынган.
Мындан улам аталган ишкана үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде мамлекетке 7 миллион 584 миң 553 сом төлөп берди.