Кыргызстандагы апрель окуясы жүздөгөн кишилердин өмүрүн алды. 7-апрель күнү борбордук аянттагы ок атуудан 87 киши каза болуп, жүздөгөн киши түрдүү жаракаттарды алган. Алардын 36сы кийин каза болгон.
7-апрель Кыргызстанда Элдик апрель революциясы күнү деп жарыяланып, дем алыш күн болду.
Тарыхый окуя кандай нукта өнүккөнүн сүрөттөрдөн караңыз.

Окуя КСДП партиясынын ошол убактагы штабы жайгашкан "Форум" имаратынын алдында башталган

"Ала-Тоо" аянтына багыт алган эл

Нааразычылыкка чыккандар менен чогуу милиция да жабыркаган

Ак үйдүн тосмосун сүзүп кирүүгө аракет кылган жүк ташуучу автоунаа

Каргашалуу күнү "Ала-Тоо" аянтында 87 киши каза болгон

7-апрель Кыргызстанда Элдик апрель революциясы күнү деп жарыяланып, дем алыш күн болду

Башкы прокуратуранын жалын каптаган имараты

Шаарды каптаган кара түтүн

Митингчилер түндө өкмөт үйүн басып алды

Өкмөттүн имараты. 8-апрелдин таңы

Митингге чыккан жаран

Башкы прокуратуранын имараты. 8-апрелдин таңы (имараттын короосу)

Курманбек Бакиев Жалал-Абадда

Бакиевди колдоо үчүн чогулган эл

Колуна курал кармаган жаран

Каза болгон жарандар "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 10-апрелде жерге берилди

Апрель окуясы жалпысынан 123 кишинин өмүрүн алып, жүздөгөн кишилерди майып кылды.