БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан жатакана бөлмөсүнүн эшиги жабылып калып, аны куткаруучулар ачып беришкен. Бөлмөдөн улгайган аялдын сөөгү табылган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Куткаруучулар жабылып калган эшикти 5-апрелде саат 10.25тер чамасында ачышкан.
Маркумдун денеси райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилген.