БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда 647 жаңы ишкана ачылып, 10 миңден ашуун жумушчу орун түзүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн жыйынында билдирди.
Мамлекеттик бажы кызматы планды 104,6 пайыз аткарып, 5 миллиард 762,4 миллион сом чогултту. Мында планда көрсөтүлгөн суммадан 252,7 миллион сом ашыкча чогултулганы аныкталды.
Сариев кирешелерди толтурууда коюлган планды толтурбаган жетекчилердин жоопкерчилиги караларын билдирди. Ошондой эле макроэкономикалык туруктуулукту сактап, экономикалык өнүгүүнү камсыздоо өкмөттүн негизги милдети экенин эске салып, аны аткарууга бардык мамлекеттик органдар өз аракетин толук кандуу жумшашы керектигин белгиледи.
"Былтыркы жылы дүйнөдөгү жана ЕАЭБдеги өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык кризиске карабастан өсүүнүн оң динамикасын сактап калдык. Натыйжада 98 социалдык объект, анын ичинде 73 мектеп курдук. Ошондой эле ар бир райондо 10дон кем эмес ишкана ачуу тапшырмасы берилип, өлкө боюнча 647 жаңы ишкана ачылды, 10 миң 594 жумушчу орун түзүлдү", — деди Сариев.
Премьер-министр өкмөттүн бул жааттагы иш-аракеттери толугу менен уланып, дагы күчөтүлөрүн кошумчалады.