БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Улуттук банк "Жаш адистер" программасы үчүн талапкерлерге сынак жарыялаганын аталган мекеме билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Улуттук банк окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү менен жаш адистерди окутуу боюнча программа баштаган.
Иш-чара жаш адистердин банк системасына тажрыйба аркылуу аралашуусун көздөйт.
Сынакка катышуучулардын саны азырынча белгисиз бойдон калууда.