БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Шаршемби күнү эртең менен борбор калаанын 6-кичи районунда аял тогузунчу кабаттын терезесинен кулап кеткенин Тез жардам станциясынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.
"Эртең мененки саат 8.10до 6-кичи районго чакыруу келди. Окуя болгон жерден дарыгерлер 50 жаш курагындагы аялдын сөөгүн табышкан. Күбөлөрдүн айтымында, ал 9-кабаттан кулап кеткен", — деди Борисов.
Дарыгер маркум өз үйүнөн кулаганын кошумчалап, тамда андан башка эч кимдин жок экенин белгиледи.
Аялдын сөөгү шаардык өлүкканага жеткирилди.