БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Мамлекетке ири өлчөмдө карызы бар мекемелердин көч башында кайтадан эле Бишкек шаарынын "Тазалык" ишканасы турат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Ага ылайык, 1-мартка карата алынган маалымат боюнча "Тазалык" муниципалдык ишканасы мамлекетке 132 миллион 167,9 миң сом карыз. Бул көрсөткүч 2015-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 10,7 миллион сомго көбөйгөн.
Ал Бишкек шаарынын райондорунда жайгашкан ишканалардын мамлекетке болгон карызы төмөндөгүдөй:
Биринчи Май району 234 миллион 914,7 миң сом, Свердлов району 2,4 миллион сомдой, Октябрь району дээрлик 3,7 миллион сом жана Ленин району 5,4 миллион сомдой карыз болгон.
Ал эми жалпы республика боюнча мамлекетке болгон карыз 682 миллион 814,8 миң сомду түзөт.