БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын "Жаш канат" бий тобу Казань шаарында өткөн эл аралык "Жазгы маанай-2016"фестивалында күмүш байгелүү болуп кайтканын мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, фестиваль 21-25-март күндөрү өткөн. "Жаш канат" эки категорияда алты бий тартуулашты. Натыйжада кыргызстандык бийчилер 100 коллективдин ичинен экинчи орунду ээлешти.
Бий фестивалы 2000-жылы негизделип, ага 9 жаштан 25 жашка чейинки өнөрпоздор катышып келет.