Бишкек шаарындагы кафени бензин чачып өрттөөгө аракет кылышты

Жазылуу
Өрт беш чарчы метр жерге жайылган. Өрт өчүрүүчүлөр аны убагында өчүрүп калышкан.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы "Омар не Хайям" кафесин белгисиз бирөөлөр бензин чачып өрттөөгө аракет кылганын ӨКМ билдирди.

Газ балондор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аламүдүндө Hyundai Porter унаасы күйүп, беш газ баллон жарылды
Түндө Аалы Токомбаева көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде өрт чыкканы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Кырсык болгон жерге барган өрт өчүрүүчүлөр жыгачтан курулган имараттын беш чарчы метр жери күйүп жатканын аныкташып, аны өчүрүшкөн.

ӨКМден билдиришкендей, кафени белгисиз жарандар бензин чачып өрттөөгө аракет кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0