Жаратылыш кырсыгынан улам жергиликтүү тургундардын үйүн суу каптоо коркунучу жаралган.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдөн улам 20 үйдүн жашоочуларын башка жакка көчүрүү сунушталганын ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал аталган айылда 52 миң кубометр жер көчкү түшүп, 20 турак жайды суу каптоо коркунучу жаралды. Жер көчкүнүн кесепетинен беш электр мамычасы авариялык абалга келген. Андан сырткары Алмалуу-Булак сайын жана ички чарбалык унаа жолду тосуп калган.
Учурда Алмалуу-Булак айылында 18 турак үй электр жарыгы жок калды.
Райондук комиссия тарабынан авариялык калыбына келтирүү иштерине техника жана күйүүчү майлар каралууда.