БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Алмалуу айылында бүгүн эртең менен саат 08:20да жер көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча жер көчкү жогорку чыңалуудагы төрт электр мамычаларын авариялык абалга келтирген.
Маалыматты жеринен тактоо үчүн жергиликтүү жарандык коргонуу комиссиясы жер көчкү түшкөн аймакка жөнөп кетти.