БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Шаршембиге караган түнү Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган учур катталганын Тез жардам станциясынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.
Тез жардамга саат 2.23тө Жибек жолу менен Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишине чакыруу келген.
"Окуя болгон жерге барган дарыгерлер өзүн өлтүрүүгө аракет кылган 33 жаштагы тургунду аныкташкан. Ал жанын кыюу максатында өзүн бычак менен ичке сайган", — деди Борисов.
Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, Улуттук хирургиялык борборго жаткырылды.