БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жолугушууда улуттук коопсуздукту камсыз кылууга жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоога байланышкан маселелер талкууланганы маалыматта белгиленген. Андан тышкары Коргоо кеңешинин алдындагы отурумдун күн тартиби дагы талкууланган.