БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук сотунун имаратында өрт чыкканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык соттун канцеляриясындагы жылыткычтан улам келип чыккан. Андан стол, кресло, компьютердин процессору жабыр тарткан.
ӨКМ кырсыкка өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин сакталбаганы себеп болгонун айтууда.
Бул акыркы айларда мамлекеттик органдардын имараты өрттөнгөн биринчи учур эмес. Буга чейин мындай фактылар Жалал-Абад шаардык прокуратурасында, УКМКда жана Нарындагы Ак-Жар айыл өкмөтүндө катталган.