БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында Кыргызстанда лотереяга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.
Анын айтымында, 2012-жылы казино, андан кийин букмекердик контораларга тыюу салынган. Эми кезек лотереяларга жетти.
"Казинодой эле иштеген лотереялар жайнап кетти. Дароо берилүүчү утуштар менен алар казинонун эле ордун басып калды", — дейт эл өкүлү.
Зулпукаров мында тираждык жана мамлекеттик лотереялар өз калыбында каларын белгиледи.