БИШКЕК, 9-мар. – Sputnik. Кытайдын Сычуань провицнциясында таш кулап, жети жүргүнчүсү менен бараткан эки унааны басып калганын China News Service агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
Кырсык Лэшань округунун Мабянь-Иск автономдук уездинде болду. Каза болгондордун арасында уезддин жол башкармалыгынын жетекчиси менен коммуникация жана транспорт башкармалыгынын төрага орун басары да бар экени айтылууда.
Учурда жолду таштан тазалоо иштери жүрүп жатат.