БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн айылындагы жеке фабрикадан баасы 216 миң сомдук 18 таңгак байпак уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 56 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну былтыр сентябрь айында Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылып, Аламүдүн айылындагы жеке фабрикадан байпак уурдалганын айткан. Келтирилген чыгым 216 миң сомду түзгөн. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси "Уурулук" боюнча кылмыш иши козголду.
Атайын рейд учурунда аталган ишке шектелип, Чүй облусунун 24 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу камоо жайына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүүдө.
Мындай уурулук үчүн Кылмыш жаза кодексинин 164-беренесинин негизинде үч жылдан беш жылга чейин кесилиши мүмкүн.