БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Куралдуу күчтөрүнүн 73809-аскер бөлүгүнүн базасындагы бир күндүк аскердик окуу жыйынына катышканын парламенттин маалымат кызматы кабарлайт.
Аскердик кызмат өтөөнүн шарттары менен тааныштыруу максатында депутаттарга курал-жарактардын түрлөрү көрсөтүлүп, эл өкүлдөрү ок атуу чеберчилигин сынап көрүштү.
Иш-чарада аталган аскер бөлүктүн командалык пунктунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.