БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, антитеррористтик иш-чараларды жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан аракеттерди талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Мамлекет башчы өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күндөлүк иштер тууралуу маалымат алды.
Президент жана УКМК төрагасы антитеррористтик иш-чараларды жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан аракеттер менен терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги багыттарын талкуулашты.