БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Ренат Түлөбердиев кызматынан бошотулганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-февраль күнү кол койду.
Маалыматта Түлөбердиев башка ишке өтүп жаткандыгына байланыштуу кызматынан бошотулганы айтылат.
Түлөбердиев Башкы консул кызматына 2014-жылдын июль айында дайындалган.