Калем өмүргө коркунуч жаратканда: Кыргызстанда журналисттерге жасалган кол салуулар

© Пресс-служба президента КРЖурналист Геннадий Павлюктун айкели. Архив
Журналист Геннадий Павлюктун айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жума күнү кечинде "Деньги и власть" гезитинин башкы редактору Турат Акимовду арматура менен сабап кетишкен.

Темир союл кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Журналист Турат Акимовду түндө темир союл менен башка чаап кетишти
Дүйнө боюнча басма сөз эркиндигин изилдөөнүн (Freedom of the Press) маалыматына ылайык, Кыргызстан ЖМКлар эркин эмес өлкө болуп эсептелет. Рейтингде республика эки жүзгө жакын өлкөнүн ичинен 149-орунда турат. 

Рейтингге ылайык, бул позиция боюнча биз Афганистандан, Иорданиядан жана Пакистандан артта турабыз. 

Sputnik Кыргызстан акыркы он жылда өлкөдө ЖМК өкүлдөрүнө болгон кол салуулардын ичинен эң чуулгандууларын тандап алды. 

1. 2006-жылдын күзү. "Пирамида" ТРКсына кол салуу. Түнкү саат үчтө компаниянын кеңсесине белгисиз төрт адам келген. Имаратта видеоинженер Виктор Тышнов жана күзөтчү Фаниса Шайхутдинова бар болчу. 

Кылмышкерлер Тышновду сабап, телеканалдын мүлкүн талкалашкан. Андан соң имаратка бензин куюп, өрт коюшкан. 

2. 2007-жылдын күзү. "Саясат" гезитинин башкы редактору Алишер Саиповдун өлүмү. Журналистти Ошто атып кеткенде, ал 26 гана жашта болчу. 

Айыпкер тез эле табылып, Саиповду өлтүргөндүгү үчүн Баткен облусунун тургуну Абдуфарит Расулов кесилген. Баштапкы версия боюнча, Саипов турмуш-тиричиликке байланыштуу талаштан улам өлтүрүлгөн.

Бирок, маркумдун атасы Авас Саипов айыпталганды Жогорку соттун күнөөсүз деп таануусуна жетишкен. Анын пикиринде, Алишерди саясий себептер менен өлтүрүшкөн: ал Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго каршы сын макалаларды жазып жүргөн эле. 

3. 2009-жылдын жаз мезгили. "Репортер Бишкек" гезитинин баяндамачысы Сыргак Абдылдаевдин аёосуз сабалышы. Ага Тоголок Молдо — Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен кечке жуук кол салышкан. 

Журналист араң аман калган. Ал 29 ирет бычак жеп, жаракат алып, канын жоготкон. Абдылдаев өзү президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси, Курманбек Бакиевге каршы оппозицияга өтүп кеткен Медет Садыркулов менен мамилесине байланыштуу болгон деп эсептейт. Бул окуядан киийн ал Швецияда саясий баш калка алган. Кийин Кыргызстанга келип, президент Алмазбек Атамбаевдин колунан сыйлык "Эрдик" медалын алган. Учурда Швецияда жашайт. 

4. 2009-жылдын күзү. Көз карандысыз журналист Кубанычбек Жолдошевдин сабалышы. Түнүчүндө кабарчы келе жаткан таксини жол кайгуул кызматкерлери токтотуп, айдоочу мас болуш мүмкүн деген шек менен алып кетишет. 

Ошол замат Жолдошевге белгисиз үч адам кол салат. 

Бул кол салууну Жолдошевдин кесиптик иши менен байланыштырышат. "Ош шамы" гезитинде ал жогорку даражалуу аткаминерлердин иши туурасында жагымсыз материалдарды жазган.

5. 2009-жылдын кышы. Көз карандысыз журналист Геннадий Павлюктун өлүмү. 16-декабрда анын сөөгү Алматыда табылган. Кылмышкерлер буту-колун байлап алтынчы кабаттан ыргытып жиберишкен.

Жылмайган ЖМК өкүлдөрү: журналисттер иш үстүндө
6. 2013-жылдын кышы. КТРКнын журналисттери Ширин Асанакунова менен Бурулай Пусурманкуловага кол салуу. 7-январда телеканалдын тасмага тартуучу тобу борбордогу "Ата түрк" сейил багында жайгашкан үйлөргө рейдди чагылдырып жатышкан. Рейд аталган үй ээлери электр жарыгына акы төлөбөгөндүгүнө байланыштуу болгон. 

Жакын жашаган Айдин Кулбаев тасмага тартууну токтотууну талап кылып, кыздарга кол салып, микрофонду талкалап салган жана Асанакунованы бир нече жолу башка урган. Ишти президент Алмазбек Атамбаев жеке өз көзөмөлүнө алган. Кол салган киши кармалып, бирок журналисттер аны кечирүүнү чечишкен. 

7. 2015-жылдын кышы. Журналист Дарья Подольскаяга кол салуу. Ал 26-декабрга караган түнү үйгө кайтып келе жатканда кылмышкер подъездден кол салып, муунта баштаган. Тилекке жараша, кылмышкерди ит жетелеп келе жаткан кошуна киши чочутуп жиберген. 

8. 2016-жылдын кышы. "Деньги и власть" гезитинин башкы редактору Турат Акимовго кол салуу. Журналист автоунаасын короого киргизгени жатканда ага белгисиз бирөө арматура менен кол салып, колго жана башка урган. Азыр анын абалы канааттандырарлык деп белгиленет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0