БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Россиянын Ярославль шаарында газ түтүгү жарылып, беш кабаттуу үй талкаланып түшкөнүн Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
"Газ түтүктөрүнөн күчтүү жарылуусу турак-жайдын урап түшүүсүнө алып келди. Урандылардын астында калган тургундар арбын. Бир адам каза болуп, куткаруучулар төрт кишини аман алып чыгышты",— деп билдирген министрлик.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсык 2016-жылдын 16-февралында таңкы саат 04:20да болгон.