БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Россия илиминин күнүнө карата иш-чаралар Кыргызстанда 8-февралга белгиленген. Бул тууралуу Кыргызстандагы россиялык илим жана маданият борбору билдирди.
Иш-чара Росскызматташуу менен Кыргыз-Орус славян университети тарабынан уюштурулууда.
Программанын салтанаттуу бөлүгүндө "Россиянын улуу илимпоздору" аттуу фотокөргөзмө ачылат.
Мындан тышкары, Росскызматташуу "Орус тили" программасынын алкагында жогорку окуу жайына окуу-методикалык адабият тартууламакчы. Ал эми тегерек столдордо эки өлкөнүн жаш илимпоздору эл аралык илимий кызматташуу жана кесипкөй кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашат.
Россия илиминин күнү РФ президенти тарабынан 1999-жылы белгиленген.