Американын жашыруун агенти итке таланды

© Sputnik / Сергей Ермохин / Медиабанкка өтүүИт. Архив
Ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын президенттигине ат салышкан Хиллари Клинтонду кайтарып жүргөн жашыруун кызматтын агентин ит талады.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Вашингтондо итке таланган бир нече учурлар катталды. Мындай көрүнүш АКШ үчүн өтө сейрек кездешет. Себеби, айбанаттарга карата тыкыр көзөмөл коюлганын РИА Новости жазат.

Washington Post басылмасынын маалыматына ылайык, итке таланган учурлар Вашингтондун түндүк-чыгышында катталган. Алардын арасында АКШнын атайын кызматынын агенти 44 жаштагы Росс Йергер да болгон. Ал акыркы күндөрү президентикке ат салышып жүргөн Хиллари Клинтонду кайтарып жүргөн.

Бишкектеги жолбун ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тазалык" ишканасы: иттерди бычууга караганда, атып салуу жеңилирээк
Йергердин айтымында, дем алыш күнү ал ити менен сейилдеп жүргөндө аларга кароосуз калган ит кол салган. Ал өз итин коргоого аракет кылганда кароосуз калган ит анын колун тиштеп алган. Эми Йергер кутурмага карата эмдөөдөн өтүп, саясатчыны кайтаргандын ордуна ооруканада дарыланууда.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, учурда Крествуд районунун тургундарынын үшүн питбуль жана немис овчаркасы алууда.

Мыйзам боюнча сот иттин ээсин аны коомго коркунуч туудурбай тургандай жайда кармоого милдеттендириши керек. Бирок, жүрөгү түшүп калган тургундар жолбун иттерди тезинен кармоону талап кылышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0